02

Ноябрь

2022

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагаларынын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өөкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүштү. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мындай форматтагы жолугушуулар кыргыз-орус күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашырууга кошумча түрткү берет.

«Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясын бекем соода-экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык өз ара байланыштар бириктирип турат. Тарыхый байланыштар, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээли, ошондой эле бирдиктүү интеграциялык мейкиндикте – Евразиялык экономикалык биримдикте болуу эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп саналат», – деди Акылбек Жапаров жана үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин негизделгендигине 30 жыл толгондугун кошумчалады.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана эки тараптуу соода жүгүртүүнү жогорулатууга кызыкдар.

«Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2 млрд АКШ долларынан ашты жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42%га өстү. Ошол эле учурда Россия Федерациясына экспорт дээрлик эки эсеге жогорулады», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана 2022-жылдын 7-8-октябрында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун патронажынын алдында ири кыргыз-орус инвестициялык форум болуп өткөндүгүн, анын алкагында жалпы суммасы 500 млн АКШ долларына жакын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар документтер кабыл алынгандыгын эске салды.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле жакында Ош облусунда ачылган «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына токтолду, анын реконструкциясы кыргыз-орус эки тараптуу макулдашуусунун алкагында ишке ашырылган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы республиканын тогуз калктуу конушунда орус тилинде билим берүүчү орто мектептерди куруу боюнча биргелешкен ири долбоорду ишке ашырууга, ошондой эле миграциялык күн тартибине өзгөчө басым жасап, биздин жарандардын Россия Федерациясында жүрүүсү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн анын ичинде ЕАЭБ алкагында да биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.  

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эки өлкө Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөштөр жана союздаштар экенин, алардын кызматташтыгы көп кырдуу жана евразиялык интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталгандыгы менен мүнөздөлөөрүн баса белгиледи.

«Бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер байыркы тарыый байланыштарга, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген», - деп жыйынтыктады Алексей Оверчук.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү максатында Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясын жеке өзү жетектөө (мурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жетектеген) чечимин кабыл алган.