04
Ноябрь
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өттү
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.
Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Белгиленгендей, чарбакер коомдун акционеринин функцияларын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берүү "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы менен шартталган.
Аталган маселени талкуулоодо Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилүү бир мамлекеттик органдын карамагында чарба жүргүзүүчү субъекттер канчалык көп болсо, анын ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик ошончолук чоң болоорун белгиледи.
«Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кошумча ыйгарым укуктары пайда болду. Мамлекеттик органга «Кыргызтелеком», «Евразия сактык кассасы», «Альфа Телеком», «Дастан» Трансулуттук корпорациясы» сыяктуу ишканалар өткөн. Ооба, жоопкерчилик жогорулады, бирок талап да ошого жараша болот», - деди ал.