04

Ноябрь

2022

Бир катар тамеки жана электрондук тамеки буюмдарына минималдуу чекене баалар белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар тамеки жана электрондук тамеки буюмдарына минималдуу чекене бааларды белгилөө чечими кабыл алынды.

Тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартуу, калктын саламаттыгын чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, төмөнкүлөргө минималдуу чекене баалар белгиленсин:

-ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз сигареттер төмөнкүдөй өлчөмдөрдө: 2023-жылдын 1-январынан тартып 20 (жыйырма) даана тамеки үчүн 100 сом өлчөмүндө.

- ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар заттар (ысытуучу тамеки таякчасы (стик), тамекиси бар ысытуучу капсула) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө: 2023-жылдын 1-январынан тартып 20 (жыйырма) даана тамеки үчүн 100 сом өлчөмүндө.

- ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө: 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда бирдиги үчүн - 250 сом, 2024-жылдын 1-январынан тартып - 300 сом. 

- ТЭИ ТН 8543 40 000 0 коду менен классификацияланган  электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы), төмөнкүдөй өлчөмдөрдө: 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда бирдиги үчүн - 1 300 сом, 2024-жылдын 1-январынан тартып - 1400 сом.