04
Ноябрь
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелери бекитилди
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелери бекитилди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун техникалык өзгөчөлүгүн сактоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана гербин даярдоодогу эрежелердин талаптарын сактоого контрол жана көзөмөл жүргүзүү функциясы өткөрүлүп берилген.