04
Ноябрь
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актылар бекитилди
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актылар бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорунун максаты "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) ишке ашыруу үчүн зарыл болгон айрым ченемдик укуктук актыларды жактыруу болуп саналат.
Чечим Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатында камсыздандыруу окуясы болгон учурда түздөн-түз эсептешүү жөнүндө Жобону, Камсыздандыруу арбитры жөнүндө Жобону бекитүүгө багытталган. Ошондой эле жол кыймылы уоопсуздугу боюнча мамлекеттик органга автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишими (полиси) жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү укугун ыйгаруу да каралган.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.