04
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин жыйыны электрондук форматта өттү
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.
Министрлер Кабинетинин жыйыны алгач ирет электрондук форматта өттү.
Жыйындын күн тартибинде 23 маселе каралып, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү алар боюнча санарип форматта добуш беришти.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, бул чечимдердин ыкчам кабыл алынуусуна таасирин тийгизет.
"Мындан ары Министрлер Кабинетинин жыйындары санарип форматта өтөт. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү миң чакырым алыстыкта туруп, онлайн режимде жыйынга катышып, каралып жаткан тигил, же бул ченемдик укуктук актыга добуш бере алат”, - деди Акылбек Жапаров жана буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кагаз түрүндө документ жүгүртүүдөн баш тартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук санариптештирүү милдети коюлгандыгын кошумчалады.