05
Ноябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов CREATE4 креативдик индустриялар фестивалынын ачылыш аземине катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов CREATE4 креативдик индустриялар күзгү фестивалынын ачылыш аземине катышты.
Эдил Байсалов CREATE4 креативдик индустриялар фестивалында сүйлөгөн сөзүндө креативдүү экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи.
“CREATE4 креативдик индустриялар фестивалы – бул өлкөнүн бардык булуң-бурчунан таланттуу, креативдүү, демилгелүү жана жаратман инсандарды бириктирген маанилүү окуя», - деди ал.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүгүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн бекитилген "Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы" алкагында өткөрүлдү.