11
Ноябрь
2022
Аламүдүн районунда жаңы комплекс курулат
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен жаңы комплекс курулат. Аталган комплекс өзүнө мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, дүкөн, мечит жана имам үйүн камтыйт.
Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин жана “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин мүдүрү Мади Махамед Абделлатиф Ахмед мырзанын катышуусунда комплекстин курамына кирген 240 орундуу мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.