18

Ноябрь

2022

Жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин) каттоо тартиби бекитилди

Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартиби бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 30-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Ушул токтом кабыл алынганга чейин жеке маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону баштаган уюмдар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде эсептик каттоодон өтүүгө тийиш.