18

Ноябрь

2022

Акылбек Жапаров ооруканалардын кире беришинде акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жайгаштырууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринин кире беришинде калкка акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жайгаштырууну тапшырды.

Тиешелүү тапшырманы ал Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында берди.

«Ооруканалардын кире беришине мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан акысыз медициналык кызматтар тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу зарыл. Эмнеси бекер, эмнеси төлөнөөрү так жазылышы керек. Саламаттыкты сактоо тармагына мамлекет 37 млрд сом бөлөт, бирок жарандар бул бюджеттик каражаттар кайда жумшалып жатканын толук түшүнө элек. Жарандар кепилденген акысыз медициналык кызматтар тууралуу жакшы билиши керек», - деди Акылбек Жапаров.