19

Ноябрь

2022

Адылбек Касымалиев: Мындай жолугушуулар абдан маанилүү, анткени жылдар бою чечилбеген маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк берет, бүгүн бардык суроолор жоопсуз калбайт

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү калк менен жолугушууларын улантууда. 

2022-жылдын 18-19-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорунун, Каракол шаарынын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар электр жарыгын өчүрүлүшүнө, жерлерди трансформациялоого, инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалына байланыштуу маселелерди көтөрүштү. 

Белгилей кетсек, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу көптөгөн суроолор келип түшкөн, алар жеринде пайда болгон маселелер боюнча жарандарга кеңеш берди. 

Айрым маселелер өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. 

«Мындай жолугушуулар абдан маанилүү, анткени жылдар бою чечилбеген маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк берет, бүгүн бардык суроолор жоопсуз калбайт», - деди Адылбек Касымалиев. 

Белгилей кетсек, өлкөнүн аймактарында эл менен жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө. Учурда республиканын бардык аймактарында жолугушуулар өткөрүлдү.