24
Ноябрь
2022
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: 2022-жылы контролдук-кассалык машиналардын саны 58 766 аппаратка жетти
Эл аралык институттар, анын ичинде Дүйнөлүк банк өлкөнүн ИДПсынын өсүшү боюнча пессимисттик божомолдорду айтышкан. Алардын божомолдору тастыкталган жок. Республиканын ИДПсы - 7%га, анын ичинде айыл чарбасы – 6,7%га, курулуш – 5%га, өнөр жай – 14,4%га, кызмат көрсөтүү 4,1%га өстү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.
«Былтыр бир айда орто эсеп менен 17 млрд сом чогултсак, быйыл бир айда орто эсеп менен 24 млрд сом чогулттук. Бул 7 млрд сомго көп. Бул көрсөткүчтөр салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана санариптештирүү аркылуу жетишилди», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Ал кошумчалагандай, 2021-жылы өлкөдө 23 740 контролдук-кассалык аппарат (ККМ) иштеген. Быйыл 18-ноябрга карата кассалык аппараттардын саны 58 миң 766га жетти. 2021-жылы киреше – 700 млрд сомду, ал эми 2022-жылдын он айында 1,4 трлн сомду түздү.