25

Ноябрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору менен жолугушту

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королчулугу) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравия Королчулугунун Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, мындан аркы кызматташууну арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Адылбек Касымалиев саудия тарапка калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин курууда, жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана башка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде айыл чарба жана турак жай курулушу тармагында кызматташуу пландары да каралды.