29

Ноябрь

2022

Перинаталдык борбор куруу демилгеси көтөрүлдү

Чүй облустук бириккен ооруканасында көп жылдан бери чечилбей келген маселе бар. Ал оорукананын өзүнүн негизги базасында жайгашкан перинаталдык борборун (төрөт үйүн) ачуу.
Оорукананын аймагында аталган борборду курууга ылайыктуу эки кабаттуу бузууга тийиш болгон имараты менен  жер тилкеси даяр. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев тарабынан аталган имараттын ордуна заманбап, бардык шарты менен, 6 бөлүмдөн турган, үч кабаттуу перинаталдык борбор куруу демилгеси көтөрүлүүдө. Облус жетекчиси жер тилкесинин документтерин мыйзамга ылайык келтирип, келечекте курулуучу борбордун долбоорун дыкат иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу өкүл Нурил Алымбаев инвестиция тартуу багыты боюнча өзүнүн жардамчысы Туратбек Сыдыков менен бирге перинаталдык борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча Катар кайрымдуулук фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.