05

Декабрь

2022

Министрлер Кабинетинин КЭР мурдагы Төрагасы Цзян Цзэминдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуусу

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын (КЭР) элчилигинде болуп, анда КЭР мурдагы Төрагасы Цзян Цзэминдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды.   

«Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелердин пайдубалын түптөгөн Кыргызстандын көрүнүктүү досу дүйнөдөн кайтты», - деп жазды Эдил Байсалов. 

Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына элчиликке келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн мыкты өбөлгөлөр бар экендигин белгилешти.