07

Декабрь

2022

Бакыт Төрөбаев: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн мамлекет кам көрөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу өлкө жетекчилигинин жакында эле аймактардын жашоочулары менен болгон жолугушууларында коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен түзүлгөн диалогдун логикалык уландысы болду.

Жолугушуунун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык шаарча куруу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары белгилегендей, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды компакттуу жайгаштыруунун мындай практикасы ишке ашса, бул жаңычыл кадам болот. Чындыгында, социалдык шаарчаны куруу азыркы балдар үйлөрүнө же карылар үчүн жатак-үйлөргө альтернатива болгон социалдык мекеменин жаңы моделин киргизүүнү камтыйт.

Бакыт Төрөбаев сунуштар менен таанышып чыгып, пилоттук катары бир облусту алып, андан кийин тиешелүү инфраструктурасы бар көп кабаттуу үй курууну белгиледи. Тийешелүү инфраструктурага – мектеп, оорукана, дүкөн, сейил бак, балдар бакчасы жана башка имараттар кирет.

Майыптардын укуктарын коргоо боюнча коомдук фонддордун жетекчилери белгилегендей, долбоордун максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эмгек ишмердүүлүгүнө тартуу аркылуу аларды реабилитациялоо деңгээлин жогорулатуу. 

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомдук турмушка жигердүү тартуунун жана инсан катары өзүн-өзү ишке ашыруунун механизмдеринин бири -   устачылык, кол-өнөрчүлүк же тигүү цехтерине ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү ачылат.

Бакыт Төрөбаев баса белгилегендей, көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дайыма камкордукка, тиричилик жана медициналык жардамга муктаж.

«Социалдык турак-жайлар, лифттер, пандустар жана “сигнал баскычы” түрүндөгү атайын жабдуулар менен камсыз болуусу керек. Мунун баары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеткиликтүү жана көз карандысыз кылат”, -  деди ал. 

Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайларда майыптыгы боюнча дискриминациялоо, майыптарды пайызсыз ссуда алуучулардын тизмесине киргизүү, инклюзивдик билим берүү ыкмасы менен мектептердин санын көбөйтүү, ден соолукту чыңдоо максатында ден соолукту чыңдоо борборлору жана реабилитациялык борборлорду модернизациялоо маселелери каралды. 

Отурумдун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев министрликтерге жана ведомстволорго бир жумалык мөөнөттө айтылган сунуштарды ишке ашыруунун конкреттүү механизмдерин иштеп чыгып, алар боюнча чечимдердин долбоорлорун киргизүүнү тапшырды.