08
Декабрь
2022
Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.