08

Декабрь

2022

Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылып, 2023-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди кеңейтүү пландары талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.