08

Декабрь

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы учурдагы коңшулук, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогору баалай турганын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда саясий байланыштардын жогорку динамикасы сакталып, коопсуздук чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө. Биз соода-экономикалык кызматташуунун илгерилешине, атап айтканда, түрдүү тармактарда биргелешкен экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышына канааттанабыз. Сиздин өлкөбүзгө болгон сапарыңыз дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына жана коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына туура келип жаткандыгы абдан символикалуу. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кытай тарапты Коммунисттик партиянын 20-съездинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктагым келет», - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын жалпы товар жүгүртүүсүндө биринчи орунда экенин белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз тарап транспорт жана коммуникация, айыл чарба, энергетика, ирригация тармагында өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар.

«2023-жылдын июнь айына чейин «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун (биздин республиканын аймагындагы участогу) техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана талаа изилдөөлөрүн аяктоо үчүн иш графигин сактоо зарыл деп эсептейбиз. Биз ошондой эле Кытай рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, коңшу өлкөнү жашыл энергия менен камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биз Кыргыз-Кытай ишкер кеңешин түзүүнү сунуштайбыз, ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле бизнес чөйрө өкүлдөрүнүн үзгүлтүксүз негизде өз ара аракеттенүүсү үчүн эффективдүү аянтча болуп калышы керек», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз тарап электрондук трансчек аралык сооданы өнүктүрүүгө жана логистикалык борборлорду курууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа өз кезегинде ар кыл тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын билдирди. Ал ошондой эле келечектүү долбоорлорду ырааттуу түрдө илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.