09

Декабрь

2022

Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев келди

Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.