09

Декабрь

2022

Кыргыз Республикасына Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян келди

Кыргыз Республикасына Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Премьер-Министр Никол Пашинянды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Армения Республикасынын Премьер-Министри Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.