16

Декабрь

2022

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлерине «Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалын тапшырды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында мамлекет башчылары интеграциялык бирикменин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 21 жаранын «Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Бул медаль Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин уюмдун өнүгүшүнө зор салымын кошкон жарандарын сыйлоонун эң жогорку формасы болуп саналат.