19

Декабрь

2022

Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын 2026-жылга чейинки мезгилде өркүндөтүү концепциясы бекитилди

2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.  

Аталган документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.

Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.