19
Декабрь
2022
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовду кабыл алды.
Жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, атап айтканда, билим берүү системаларынын интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси, Кыргыз Республикасында Университеттин филиалын ачуу келечеги талкууланды.