19

Декабрь

2022

Акылбек Жапаров Чүй облусундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. 

Атап айтканда, ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен таанышты.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты  электр жана жылуулук менен сапаттуу камсыздоо, жылуулук берүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, электр менен камсыздоо тутумундагы авариялык өчүрүүлөр жана бузулууларга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.