22

Декабрь

2022

Суусамыр айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун шарттары…

Суусамыр айыл аймагына болгон иш сапарында Н.Алымбаев айылдагы бир жерде жайгашкан милиция бөлүмчөсү жана почта кызматынын имараты, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун шарттары менен жеринен таанышты.
Суусамыр айылында милиция бөлүмчөсүнүн жана почта кызматынын (бир имаратта жайгашкан) мурунку имаратынын эскилиги жетип, ыңгайсыздык жаратып келген. Бүгүнкү күндө аталган имарат Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жалпы 1 млн 586 миң сом сарпталса, 1 млн 489 миң сом облустук өнүктүрүү фондунан, ал эми 97миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Имараттын бүгүнкү абалы талапка жооп берип, иш үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.
Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл Суусамыр айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун шарттары менен таанышты. Мекемеде тургундарды тейлөө үчүн бардык ыңгайлуу шарттар бар. Жакында эле тиш дарылоочу бөлмөгө 528миң 480 сомго рентген аппараты сатылып алынды (478миң 480сом Жайыл райондук өнүктүрүү фондунан, 50миң сом жергиликтүү бюджеттен). Буга чейин суусамырлыктар тишти рентгенге тарттыруу үчүн Кара-Балта шаарына барууга туура келчү. Ал эми бүгүнкү күндө бул маселе толук чечилди.