23

Декабрь

2022

Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынтык кеңешмеси өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин 2022-жылга жылдык отчету, ошондой эле адам укуктарын сактоонун актуалдуу маселелери каралды.

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын отчетун эске алып, Координациялык кеңештин 2023-жылга иш планын бекитти. Иш планда 16 иш-чара камтылган.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.