23

Декабрь

2022

Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эң зарыл болгон азык-түлүк товарларына баалардын мониторингин улантуу, зарыл болгон учурда аларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. 

Жыйында ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселелер каралды.