31
Декабрь
Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Министрлер Кабинетинин башчысын Жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен куттуктады.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин өз куттуктоосунда 2022-жылы орус-кыргыз мамилелери достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайында өнүккөндүгүн белгиледи.
«Өкмөттүк деңгээлдеги биргелешкен аракеттердин аркасында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык кеңейүүдө. Энергетика, өнөр жай, инфраструктура, илимий-техникалык жана башка тармактарда маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда», - деп айтылат куттуктоодо.
Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.