31
Декабрь
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду кирип келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен куттуктады.
«Беларусь Республикасы белорус-кыргыз кызматташтыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана биздин өлкөлөрдүн калкынын жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу байланыштардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өзгөчө маани берет», — деп айтылат куттуктоодо.
Роман Головченко Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда жаңы ийгиликтерди каалады.