10

Январь

2023

Соцмекемелердин абалына мониторинг жүргүзүү улантылууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 11-январдан 13-январга чейин аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Мындан улам, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева Сокулук жана Москва райондорунун социалдык объекттеринин абалына жана алдыда күтүлүп жаткан аба ырайына карата мекемелердеги температуралык режимдин сакталышына мониторинг жүргүздү.
Иш сапарынын алкагында облус башчысынын орун басары Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 билим берүү лицей-комплексине, ушул эле айылдагы Новопавловка №2 мектеп-гимназиясына, Москва районунун Александровка айылындагы А.Арбуду атындагы жалпы билим берүү орто мектебине жана райондук ооруканасына барды.
Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары соцмекемелердин жетекчилерине күтүлүп жаткан аба ырайынан улам түзүлгөн жагдайда жылуулук системасына байланыштуу кандай гана кырдаал болбосун, ыкчам чара көрүүгө даяр болуу тапшырмасын берди.