13
Январь
2023
Күндүн цифрасы: 2022-жылы өлкөнүн ИДПсы 2021-жылга салыштырмалуу 7%га жогорулаган
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2022-жылдын январь-декабрында ички дүң продукциянын көлөмү 919 миллиард сомдон ашуун сумманы түзүп, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7,0 пайызга өстү.
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, өткөн жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 864 миллиард сомду түзүп, 5,9 пайызга өскөн.