14
Январь
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкектеги тазаланган кремний диоксид гранулдарын өндүрүүчү заводго барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводго барды.
Ал заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыкты.
Ишкананын өндүрүш линиясы заманбап станоктор, ошондой эле өзүнүн жеке уникалдуу иштеп чыгуулары менен жабдылган. Мында заманбап технологиялык чечимдер колдонулат.
Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Корея Республикасына, Германия Федеративдик Республикасына, Кытай Эл Республикасына экспорттолот.
Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика жана химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Кыргызиндустрия» ААКга өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды.