17

Январь

2023

Министрлер Кабинетинин башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу программасынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышат, ошондой эле облустун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барып, ал жерде да бир катар жолугушууларды өткөрүп, айрым социалдык жана өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышмакчы.