19

Январь

2023

Министрлер Кабинетинин башчысы Ноокен районунда төрөт үйүнүн жаңы имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.       

Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жасаларын айтты.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.