21
Январь
Министрлер Кабинетинин башчысы: Министрлер Кабинетинин жыйынында чечимдер ыкчам кабыл алынып, добуш берүү процесси электрондук форматта өтөт. Аймактар да иштин бул форматына өтүшү керек
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешмесин өткөрдү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Күн тартибинде 14 маселе каралууда.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Министрлер Кабинетинин мындай форматтагы жыйынын өткөрүүнүн негизги максаты - аймактык мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине чечимдерди кабыл алуу процессин көрсөтүү.
«Министрлер Кабинетинин отурумунда чечимдер ыкчам кабыл алынып, добуш берүү процесси электрондук форматта өтөт. Аймактар да иштин бул форматына өтүшү керек. Чечимдер ыкчам кабыл алынып, бюрократияга жол берилбестен, кагаз иштери болбошу керек», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Министрлер Кабинетинин отурумунда Акылбек Жапаров Президенттин алдыдагы электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине кайрылуусуна да кеңири токтолду.
«Тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр толугу менен экономикалык эсептөөлөр жана илимий негиздемелер менен тастыкталган. Бул Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөн энергетикалык жабдууларды жана коммуникацияларды жаңылоого мүмкүндүк берүүчү зарылдык», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.