21

Январь

2023

Министрлер Кабинети илимий даражасы үчүн үстөктөрдү жогорулатты

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында илимий чөйрөнү жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50% жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Натыйжада, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:

– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;

– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.”.

Мындай чечим Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.