21

Январь

2023

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу боюнча метрологиялык көзөмөл менен байланышкан жол-жоболорду жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.