25

Январь

2023

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.