30
Январь
Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводунун иши менен таанышып, Улуттук банкка барды
Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун аффинаждык заводуна барды.
Алар заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатынын борбордук илимий-изилдөө лабораториясында жана «Stewart assay and environmental laboratories» ЖЧК лабораторияларында болушту.
Мындан тышкары убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына барып, анда алар Улуттук банктын алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялары, атап айтканда, алтындын запастарын толуктоо, алтындын өлчөнгөн жана стандарттуу куймаларын даярдоо жана алтынды сактоо боюнча эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иши менен таанышышты.