31

Январь

2023

Отчеттор кабыл алына баштады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев төрагалык кылган облустук комиссиясы тарабынан райондордун акимдеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөт башчыларынын финансы-экономикалык, өнөр-жай, айыл чарба, социалдык ж.б.тармактар боюнча аткарган иштери жөнүндө отчеттору кабыл алына баштады.
Белгиленген графикке ылайык, бүгүн, 31-январда Панфилов жана Жайыл райондорунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери отчет тапшырышты.