06
Февраль
2023
Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө коомчулук алдында турган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.
Жыйындын катышуучулары аялдар укугун мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү маселелерин чечүү жолдорун талкуулашты.