08

Февраль

2023

Адылбек Касымалиев: Натыйжалуу ишибиз аркылуу гана калктын ишенимине ээ болуп, алардын жашоо деңгээлин реалдуу түрдө жакшырта алабыз

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты.

Жыйындын жүрүшүндө облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары 2023-жылдагы иштин негизги багыттарын белгилеп, аймактын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Коллегиялык отурумдун жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:

⁃ айыл өкмөт башчыларын, акимдердин орун басарларын аттестациядан өткөрүү;

 ⁃ айыл өкмөттөрүнүн жана айылдардын чегинде облусту өнүктүрүүнүн жылдык Планын иштеп чыгуу;

 ⁃ ирригациялык системаларды тазалоо жана жазгы-талаа иштерине даярдоо иштерин жүргүзүү;

 ⁃ туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

 ⁃ «е-Кызмат», «Санарип аймак», «Инфодокс» маалыматтык системаларынын толук ишке киргизилишин камсыз кылуу;

 ⁃ региондун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, атап айтканда, базарларда жана дүкөндөрдө бааны турукташтыруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;

⁃ атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны экспорттоо боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл буруу;

 ⁃ “40 район – 40 товар” программасынын алкагында 40 бренд сунуштоо;

 ⁃ аймактын инвестициялык паспортун кароого сунуштоо.

Натыйжалуу ишибиз аркылуу гана калктын ишенимине ээ болуп, алардын жашоо деңгээлин реалдуу түрдө жакшырта алабыз», - деп жыйынтыктады сөзүн Адылбек Касымалиев.