10

Февраль

2023

Акылбек Жапаров: Тармактык программалар жана концепциялар карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыгып жана ишке ашырылышы керек

Карапайым элдин кызыкчылыгына багытталган тармактык программалар жана концепциялар иштелип чыгып жана ишке ашырылышы керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

«Министрликтердин жана башка административдик ведомстволордун жетекчилери мамлекеттик органдарда көптөн бери калыптанып калган коррупциялык схемаларды аныктоо жана аны жоюу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүшү керек. Бул сиздердин негизги милдетиңиздердин бири», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле календардык жыл ичинде Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдардын демилгеси менен иштелип чыккан көптөгөн тармактык программалар жана концепциялар каралып, бекитилип жаткандыгын белгиледи.

«Бул сыяктуу документтер карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн күндө гана иштелип чыгып жана бекитилиши зарыл. Тескерисинче болсо, мындай программа жана концепциялардын пайдасы жок», -  деди ал.