11
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жүндү баштапкы иштетүү боюнча заводго барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Энесай групп» жүндү баштапкы иштетүүчү ишканага барды.
Ишкана менен таанышуу учурунда белгиленгендей, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу 7000-8000 кг даяр продукцияны түзөт.
Акылбек Жапаровдун айтымында, ата мекендик ишканаларды колдоого алуу Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана ишканада өндүрүлүп жаткан продукцияны мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр.
Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, мамлекет тарабынан продукция өндүрүүгө муктаж болгон чакан ишканаларга мамлекеттик банктар аркылуу жеңил шарттар жана үстөктөр боюнча кредит берүү камсыздалат.
Ишкана аймагында химиялык сырьелук лаборатория бар, ал өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын жана анын технологиялык талаптарга дал келүүсүн көзөмөлдөйт.