13

Февраль

2023

Кыргызстандык кутаруучулардын кезектеги тобу Түркияга учуп кетишти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. 

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.  

Бүгүн, 13-февралда Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар атайын борт менен учуп кетишти. Алар менен бирге  49  боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жиберилген