16

Февраль

2023

Өзбекстандын Премьер-министри эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү

img

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

"Өткөн тарыхый мезгилде биздин өлкөлөр ортосундагы достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара урматтоого негизделген байланыштар чыңдалып, өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыгыбыз бардык багыттар боюнча ырааттуу түрдө өнүгүп келе жатат. Биздин биргелешкен чечкиндүү аракетибиз аркылуу Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштары, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча байланыштар мындан ары да бекемделет жана бир тууган элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн жигердүү өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.