16
Февраль
Акылбек Жапаров менен Сардор Умурзаков телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисин Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толушу менен куттуктады.