17

Февраль

2023

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулады

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Өкмөт башчылар эки республиканын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, атап айтканда, Биргелешкен практикалык аракеттер планынын («Жол картасы») долбоорун иштеп чыгуу тууралуу сөз жүрдү.

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун айрым пункттарын, анын ичинде Кыргыз Республикасында жана Өзбекстан Республикасында Соода үйлөрүн ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин такташты.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүгө даярдыгын билдирди.