17

Февраль

2023

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэкини кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэкини кабыл алды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Атап айтканда, билим берүү, туризм, эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери козголду.

Эдил Байсалов билим берүү тармагындагы кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын көптөгөн стипендианттары Япониянын университеттеринде билим алат деген ишенимин билдирди.

«Биз студенттерибиздин жана адистерибиздин Япониянын престиждүү жогорку окуу жайларында окууга максаттуу багытталышына кызыкдарбыз», - деди ал.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки билим берүү, туризм, эмгек миграциясы, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка чөйрөлөрүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин ырастады.

Года Хидеки Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берүү үчүн Япониянын жалпыга маалымдоо каражаттарын, туристтик компанияларынын өкүлдөрүн активдүү тартууну сунуштады.